• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноябрь айынын башынан бери Кыргызстанда 157 бала коронавирус жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Ноябрь айында (16-ноябрга карата) Кыргызстанда 7-17 жаштар арасындагы 157 бала коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айында коронавирусту 48 бала жуктурган.

“Октябрь айында 315 бала коронавирус жуктуруп, ооруну жуктурган балдардын саны 6,5 эсеге көбөйгөн. 16-ноябрга карата 157 учур аныкталды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий