• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бажы кызматкери кикбоксинг боюнча өлкө чемпиондугун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. 27-28-мартта Бишкектеги “Газпром-балдар үчүн” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде кикбоксинг боюнча лоу-кик бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы мелдеште 81 килограммга чейинки салмак ченинде бажы кызматынын кызматкери Алтынбеков Рыскелди жеңишке жетишип чемпион болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Рыскелди Алтынбеков Азия чемпиондугунун байге ээси жана Ташкент шаарында өткөн кикбокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болгон.

Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы Рыскелди Алтынбековду жеңиши менен куттуктайт!

Пикир

Оставить комментарий