• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Депутат Кубанычбек Жумалиев ооруканага жатып чыккандан кийин абакка кайтып барды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Кубанычбек Жумалиев ооруканага жатып чыккандан кийин абакка кайтып барды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “24.kg” маалымат агенттигинин жеке булактарына таянып жазган “Кубанычбек Жумалиев УКМКнын камак жайынан жеке клиникага которулду” аталышындагы маалыматы чындыкка дал келбейт.

Атайын кызмат Жогорку Кеңештин депутаты К. Жумалиев “Бикард” клиникасына жатып чыккандан кийин кайрадан УКМКнын камак жайына камалгандыгын билдирет.

“Айрыкча белгилей кетүүчү жагдай, мындай такталбаган маалымат адамдарга туура эмес маалымат берип, адаштырып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК атайылап жалган маалымат таратууга КРнын мыйзамынын алкагында кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий