• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматкери сумо боюнча мелдеште чемпион болду

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажкы кызматынын кызматкери сумо боюнча мелдеште чемпион болду, - деп кабарлайт аталган кызматтын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, борбор калаада сумо боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү. Мелдешке өлкөнүн бир катар аймактарынан 150дөн ашуун балбан катышты. Турнирде 18 жашка чейинки жаш балбандар жана чоңдор күч сынашты.

Чоңдор 65, 70, 85, 100 жана 115 килограмм салмакта, ал эми эркек балдар 35, 42, 48, 55, 65 жана 70 килограмм салмактарында күч сынашты.

Турнирде Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов өз күчүн сынап, жарым финалда Тилек Усуповду жеңип, финалда Ильяз Нурланбек уулун жеңип, сумо боюнча чемпион аталды.

Белгилей кетсек, Алмаз Эргешов Азиянын эки жолку байге ээси, өлкөнүн бир нече жолку чемпиону жана спорттун ушул түрү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Пикир

Оставить комментарий