• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Калмира Билимбек кызы Түркиядагы эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 09.03.24./Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" эл аралык мелдешинде 3-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 7-марттан 11-мартка чейин өтүүдө.

Мелдешке спортчу 59 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште япониялык спортчуга жеңилип калган. Кийин ал финалга чыгып, Калмира Билимбек кызына коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

3-орун үчүн беттеште Анастасия Сидельникова аттуу россиялык спортчуну жеңип, эл аралык мелдештин коло медалынын ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий