• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык балбан кыздар дүйнө биринчилигиндеги (U-23) алгачкы кармаштарында атаандаштарынан күчтүү чыкты

Спорт 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде (U-23) кыргызстандык балбан кыздар алгачкы кармаштарында атаандаштарынан күчтүү чыкты.

59 салмакта күрөшкөн Назира Марсбек кызы биринчи кармашында италиялык Морена Де Витаны жеңген. Алдыда ал украиналык Ангелина Лысак менен күрөшөт.

Ошондой эле кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы (76 кг) италиялык балбан кыз Энрика Ринальдини жеңген. Эми чейрек финалда ал канадалык Gracelynn Doogan менен күч сынашат

Пикир

Оставить комментарий