• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөлүк чемпионатта ийгилик жараткан спортчу кыздар Бишкекке келди — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы бүгүн, 9-октябрда “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик ангенттигинен билдиришти.

Дүйнө чемпионатына жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Канат Шабданбаев улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Байгазы Кенжебаевге ыраазычылык билдирип, кыздарды жеңиши менен куттуктады.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионат 2-8-октябрь күндөрү Осло шаарында өттү. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү эки алтын жана бир коло медалга ээ болушту: 1-орун – Айсулуу Тыныбекова, 62 кг чейинки салмактык категорияда; 1-орун – Мээрим Жуманазарова, 68 кг чейинки салмактык категорияда; 3-орун – Айпери Медет кызы, 76 кг чейинки салмактык категорияда.

Пикир

Оставить комментарий