• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.10.1. /Кабар/. 2021-жылдын 8-октябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, алдыдагы эки тараптуу тышкы саясий окуялар боюнча сааттарын тууралашты, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардын алкагында эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.

Тараптар ушул жылы Москва жана Сочи шаарларында мамлекет башчыларынын жолугушууларынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди практикалык түрдө эртерээк ишке ашыруу зарылдыгын белгилешип, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий