• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Түркиядан дагы бир алтын! Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды

Спорт 0

Бишкек, 09.03.24./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.

Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынаган.

Шаршенбеков 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда түркиялык балбанды 9:0 эсебинде артта калтырды.

Жарым финалда Шаршенбеков өзбекстандык спортчу 8:0 эсебинде жеңип, чечүүчү кармашта ирандык спортчуну 5:0 эсебинде утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Пикир

Оставить комментарий