• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.24. /Кабар/. Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 11 жаштагы үч бала жана 16 жаштагы бир бала тоого чыгып, саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болгон.

Издөө ишин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, 4 милиция кызматкери жана туугандарынан 3 адам тартылган.

Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий