• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажычылар жыл башынан тарта 768 аткезчилик фактысын аныктаган

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрү тарабынан 768 укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Анын ичинен:

- Бузуулардын бирдиктүү реестрине 693 факт катталып, козголгон иштер боюнча 2,9 млн сом суммасында айып өндүрүлгөн жана 13,7 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75 факт катталган жана 33,6 млн сом суммасында келтирилген зыяндын орду өндүрүлгөн.

Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26,3 млн. сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

2021-жылдын 1-кварталындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөөрдүн суммасы 76,4 млн сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 58% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 486 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 768 фактыны түзгөн.

Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 52,7% га же 26,4 млн сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-кварталында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 49,9 млн сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 76,4 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий