• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Билим 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип жаткан “Электрондук мектеп” долбооруна “Креатив-Таалимди” да өз салымын кошууга чакырды.

Мектеп жетекчилиги өздөрү иштеп чыккан дидактикалык материалдарынын көчүрүлүп, ар кайсы аймакта ар түрдүү тааныштырылып жатканын айтып өттү. Министр комплекстин дидактикалык материалдарды патенттей ала тургандыгын айтып, бул багыттагы иштердин ирээтке келе тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий