• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун реформалоо керектигин билдирди

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Координациялык кеңешменин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (ММКФ) реформалоо керектигин билдирди.

Жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев саламаттык сактоо министрине "Өлкөдө ММК фонду керекпи?" деген суроо узатты. Бейшеналиев аталган фонд керек, бирок аны реформалоо керектигин билдирди.

"ММК фондун реформалабасак, азыркы калыбы менен иштей албайт. Менин айткан сөзүмдү бурмалашып, жаңы министр фондду өзүнө каратып алууну көздөп жатат деген маалыматтар болууда. Бул туура эмес. Анткени Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек жана реформага муктаж", - дейт ал.

Белгилей кетсек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешменин жыйыны өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий