• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Белгия курама командасы Панаманы 3:0 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 19.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын «Фишт» стадионунда Белгия менен Панаманын курама командалары арасындагы оюн 3:0 эсебинде аяктады.

Оюндун 47-мүнөтүндө дарбазадан алыстатып сүзгөн топту Мертенсчемпионаттагы эң кооз голдордун бирин киргизгенге жетишти.

2-таймдын 69-мүнөтүндө Белгиянын чабуулчусу Лукаку гол киргизип эсепти 2:0гө айлантты. Оюндун 75-мүнөтүндө кайрадан Лукаку каршылашынын дарбазачысын алдап тепкен тобу дарбазадан орун алды.

Белгилей кетсек, эки курама команда тарыхта биринчи жолу беттешти.

Пикир

Оставить комментарий