• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын мамлекеттик банкы юань менен насыя бере баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Тажикстандын мамлекеттик «Амонатбанк» банкы кытай юаны менен насыя бере баштады. Мекеме иши Кытайга байланыштуу болгон тажик бизнесмендерине юань менен насыя алып, сомони менен төлөп кутулууну сунуштоодо.

Буга чейин тажик банктарынын тарыхында мындай болгон эмес. Бул демилге өлкөдө чет өлкөлүк валюталар, анын ичинде америкалык доллар жетишсиз болуп жаткан маалда көтөрүлгөн.

Талдоочулар Кытай башка өлкөлөр менен болгон соода операцияларында доллардын пайдаланылышын төмөндөтүүгө аракет кылып жатканын белгилешүүдө. Алсак, Пекин доллардан арылуу саясатын улантып, Орусия жана Иран менен алардын улуттук валюталары аркылуу эсептешүүгө өткөн.

«Амонатбанк» ошондой эле Өзбекстан менен кызматташууга ниеттенген ишкерлер үчүн АКШ доллары менен дагы жаңилдетилген насыяларды бере баштаганын билдирди. Быйыл жазында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбеге сапары маалында бир топ келишимдерге кол коюлган. Алардын арасында Ташкенттин Тажикстанга 100 млн. доллар каражат бөлүүсү каралган макулдашуу дагы бар. Келишимге ылайык, бул каражаттар эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бизнес-планы бар тажик ишкерлерин колдоого жумшалышы керек.

Пикир

Оставить комментарий