• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алматыда нааразылык акциясына чыккан үлүшкерлер кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Бүгүн Алматыда ондогон адамдан турган үлүшкерлер тобу Улуттук банк имаратынын алдына акцияга чыгып, мекеменин Кардарлардын укуктарын коргоо башкармалыгынын жетекчиси Александр Терентьевдин отставкасын талап кылышты.

Чогулгандар турак-жай куруу боюнча мамлекеттик программанын аткарылышына нааразылыктарын айтышты.

Үлүшкерлердин алдына чыккан Александр Терентьев анын отставкасы тууралуу талаптар боюнча комментарий берген жок. Ал Улуттук банк үлүшкерлерге жардам берүү үчүн болгон аракетин көрүп жатканын айтты.

Андан соң банк өкүлү журналисттердин суроолоруна жооп берүү үчүн аларды имараттын ичине чакырып кетти.

Чогулгандар «Терентьев отставкага кетсин» деп кыйкырып, ышкыра баштаганда полиция акциянын бир нече катышуучусун кармап кетти. Алардын арасында «Элди турак-жай менен камсыздагыла» биримдигининин жетекчиси Сулубике Жаксылыкова да бар.

Пикир

Оставить комментарий