• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болду. Ал Намангандын 72 жаштагы жараны, деп билдирет Podrobno.uz.

“Бейтап облустук жугуштуу оорулар ооруканасына 26-мартта түшкөн. Ошол эле күнү болжол менен саат 23.00дө атайын лабораториялык анализдердин жыйынтыгында анда коронавирус инфекциясы бар экендиги тастыкталган”, - деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Каза болгон адам 12-мартта Түркиядан келген кызы менен байланышта болгон. Кызынан дагы коронавирус инфекциясы аныкталып, ал карантинге жаткырылган.

“Бейтап көп жылдар бою диабет, курч жүрөк кемтиги жана башка оорулар менен жабыркап келген. Ал бүгүн эртең мененки саат 4.30да инфарктан көз жумду. Дарыгерлер тарабынан аны сактап калууга бардык чаралар көрүлгөн”, - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий