• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Эл аралык валюта фонду коронавирус илдети менен күрөшүүгө Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Эл аралык валюта фондуна мүчө өлкөлөрдүн ичинен шашылыш каржылык жардам сураган алгачкы өлкө. Аны аталган фонддун кеңеши жактырган. Мындан улам, фонд Тез каржылоо аспабы (RFI) боюнча Кыргызстанга 80,6 млн доллар бөлгөн. Ошондой эле Тез кредиттөө ыкмасынын алкагында дагы 40,3 млн доллар каралган.

"Кыргызстан жардам алган алгачкы өлкө болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди. Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий