• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 адам айыкты. Жалпы 39

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 адам айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Каратаев учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 39га жеткенин белгилеп өттү.

"Стационарларда 254 адам жатат, алардын сегизинин абалы оор. Изилдөөгө келген анализдердин саны – 22 миң 554. Алардын ичинен 20 миң 575 анализ изилдөөдөн өткөрүлдү. Бир күн ичинде 1 миң 979 анализ жасалды", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, коронавирусту жуктуруп алгандар менен 6 миң 47 адам байланышта болгон: биринчи категорияда – 1 миң 58, экинчи категорияда – 4 миң 989 адам.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер. Коронавирустан 39 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий