• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коста-Риканын оюнчулары Сербия командасына туруштук бере албай жеңилишти

Спорт 0

Бишкек, 17.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын Е группасындагы Коста-Рика менен Сербиянын курама командалары беттешти. Оюн 1:0 эсебинде Сербия командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

1-таймда Сербиянын оюнчулары Коста-Риканын дарбазасына бир нече кооптуу соккуларды узатып жатты. Коста-Риканын дарбазасында мадридтик «Реал» клубунун дарбазачысы Навас тургандыктан топту киргиздирген жок.

2-таймдын 56-мүнөтүндө Сербиянын оюнчусуна орой ойногондугу үчүн айып соккусу белгиленди. Айып соккусун сербиялык коргоочу Коларов тээп гол киргизди.

Пикир

Оставить комментарий