• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көк бөрү боюнча биринчилик: Эртең Кыргызстан Түркия менен беттешет (оюндардын тартиби)

Спорт 0

Бишкек, 22.08.17 /Кабар/. Астанада өтүп жаткан көкпар (кыргызча аталышы көк бөрү –ред) дүйнөлүк чемпионатында Кыргызстандын курама командасы 23-августта Түркиянын курамасы менен беттешет. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Кыргызстан бүгүн Өзбекстандын курама командасын 11:2 эсебинде утту. Ал эми, кечээ 21-августта Монголия менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңишке жетишишкен.

Дүйнө биринчилигинде бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.

“А” тобу: Кыргызстан Өзбекстан, Түркия, АКШ, Тажикстан, Монголия.
“В” тобу: Казакстан, Азербайжан, Россия, Венгрия, кытай, Ооганстан.
Кыргызстан курама командасынын оюнунун тартиби.
21-август
Кыргызстан – Монголия – 4-0
22-август
Кыргызстан – Узбекистан – 11:2
23-август
10:00 – 11:00 Түркия– Кыргызстан
24-август
11:00 – 12:00 Тажикистан – Кыргызстан
25-август
11:00 – 12:00 АКШ– Кыргызстан
26-август (эс алуу күнү)
27-август (финалдык оюн)
10:00 – 11:00 III орун үчүн оюн
11:00-12:00 Финал

Пикир

Оставить комментарий