• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С.Исаков эч кандай ички оюндарга аралашкан эмес - ачык кайрылуу

Коом 0

Бишкек, 22.08.17 /Кабар/. КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковго каршы чыккан маалыматтардын чыгып кетишине байланыштуу Кыргызстандын бир катар коомдук уюмдарынын активистери 7-апрель революциясынын атын жамынып чыккандарга атайын кайрылуу таркатты. "Кабар" агенттиги ошол кайрылуунун текстин толугу менен жарыялайт:

Биз, «Айкɵл Ала-Тоо» жана «Апрель байрагы» коомдук уюмдарынын мүчɵлɵрү апрель окуясынын жакында эле ММК беттеринде Сапар Исаковду каралоого алган кээ бир катышуучулары менен категориялык түрдɵ макул эместигибизди билдиребиз.

Алардын арасында КР президенттигине талапкер С. Абдрахманов, ошондой эле айрым оппозициялык талапкерлердин штабдарынын кызматкерлери да бар. Мындай кадам алардын жарандык позицияларын билдирбей тургандыгы түшүнүктүү. Алар жɵн гана Алмазбек Атамбаевге жана анын командасына чабуул жасоо менен КСДПнын талапкерин алсыздандырууну кɵздɵп жатышат.

Алардын Сапар Исаков Бакиевдин командасынын мүчɵсү болгон деп айтканы таптакыр чындыкка коошпойт. Ал апрель революциясына чейин эле Медет Садыркулов менен Алмазбек Атамбаевдин досу жана тарапташы болчу. Техникалык кызматкер катары бир канча ай ЦАРИИде иштегени эч нерсени билдирбейт. Ɵткɵн режимдин бир дагы жаман иштерине аралашпаган, аны эч ким жаман нерселерге айыптаган эмес. Ал эми 7-апрелден кийин ал Алмазбек Атамбаевдин командасында ɵзүнүн күчүн жана убактысын жумшоо менен элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп келди (президент аны тышкы саясат маселелери боюнча «оң колу» атаган).

Ага каршы жазылган катка кол койгон «псевдобаатырларды» Бакиевдин кезиндеги Коопсуздук кеңештин тɵрагасы Адахан Мадумаровдун шайлоого баратканы ойлондурбайт. Атүгүл алардын айрымдары анын шайлоо штабында иштɵɵгɵ даяр турушат. Бул алардын «революциялык идеологиясына» туура келеби?

Биз алардын демагогияларын президент Алмазбек Атамбаевдин командасына карата жасалган саясий каралоо аракети катары баалайбыз. Бул апрель революциясынын катышуучуларынын кɵпчүлүгүнүн пикирлерин билдирбейт. Сапар Жумакадырович Исаков ɵзүн эмгекчил, акылдуу жана чынчыл жетекчи катары кɵрсɵттү. Биз ага президент жана парламент ылайык кɵргɵн бардык кызмат ордуларында ийгиликтерди каалайбыз.

Тɵмɵндɵгү коомдук мүчɵлɵрдүн атынан:

КБ «Айкол Ала-Тоо»

КБ «Апрель Байрагы»

КБ «Эр Теги»

ДНД «Патриот»

«Союз Народных Дружин»

«Люстрация судей» кыймылы

КБ «Ала-Тоо Бишкек»

КБ «Элдик Сакчы

Пикир

Оставить комментарий