• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэри Германиянын шаар башчылары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Шаардык мэрияда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун Германия Федеративдик Республикасынын Гуденсберг шаарынын башчысы Фран Бернер жана Шенефельд шаарынын башчысы Удо Хаазе менен жолугушуусу болду.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаарлар аралык кызматташтыктын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Жолугушууга Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков, Борбордук Азиядагы Ханнса Зайделя фондунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Макс Георг Майер катышты.

Пикир

Оставить комментарий