• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы 25 базардын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы базарлардын администрацияларынын, кичи базарлардын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүүнү улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, бул өнөктүктүн алкагында салык кызматы Бишкек шаарынын 25 базарынын жана кичи базарларынын администрацияларынын өкүлдөрүнө, салык консультанттарына электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана башка салык режимине өтүү боюнча семинар уюштурду. Иш-чарага 80ден ашык катышуучу катышты.

Мындан тышкары, семинарда салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын жайылтуу үчүн маалыматтык буклеттер берилди.

Окутуудан кийин бул катышуучулар соода жүргүзгөн жерлеринде ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу, салык отчетторун тапшыруу боюнча ишкерлер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, маалыматтык колдоо жана пайда болгон маселелерди чечүү үчүн салык кызматынын өкүлдөрү, салык консультанттары жана базарлардын администрациялары менен мессенджерде жумушчу топ түзүлгөн.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий