• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаштар арасында кросс боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Бишкекте жаштар арасында кросс боюнча ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу спорттук иш-чаранын уюштуруучулары билдирет.

Жарыш 2-апрелде “Кара жыгач” сейил багында болуп, жаш муундар арасында чуркоону жайылтуу, өлкөдө жеңил атлетиканы өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.

Жаштар төмөнкү аралыкка чуркашат:

1000 метр – 12-13 жаштагы кыз-уландар жана 14-15 жаштагы кыздар;
2000 метр – 14-15 жаштагы уландар жана 16-17 жаштагы кыздар;
3000 метр – 16-17 жаштагы өспүрүм балдар;
4000 метр – 18-19 жаштагы кыздар;
6000 метр – 18-19 жаштагы жигиттер;
6000 метр – 20 жана андан жогору жаштагы кыз-келиндер;
8000 метр – 20 жана андан жогору жаштагы жигиттер.

Жарышка ошондой эле 35 жаштан жогорку ардагерлер дагы чакырылган. Алар 3000 метр аралыкка чуркашат.

Пикир

Оставить комментарий