• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Белгилүү дастанчы Жолболду Алибаев жөнүндө китеп жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, композитор, акын ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине карата өмүрлүк жары Бүсайра Абдыкаарова тарабынан жазылган «Ашык кылган адам жөнүндө баян» деген аталыштагы эскерме-баян китеби жарык көрдү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, китепте Ж.Алибаевдин өмүр чыгармачылыгындагы урунттуу учурлар, адамдык бейнесине сүртүмдөр берилген. Автор өзү күбө болгон окуяларды, турмуштун кызыктуу көз ирмемдерин баяндаган.

Китептин баш сөзүн жазган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков «Урматтуу окурман, колуңуздагы китеп өзгөчө китеп, муну искусство таануучу, же изилдөөчү эмес, Жолболду Алибаевге өмүрүн арнаган карапайым кыргыз аялы жазган. Ошондуктан, бул китепте талантты кантип сүйүп, кантип ошол сүйүүсү үчүн күрөшүү керектиги жана кантип адам өз тагдырында таланттуу адамдын тагдырын бакытка жеткиргендиги жазылган. Таазим Сизге, Бүсайра эже!” , - деп сөзүн жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, учурда Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмөлөр, чыгармачылык кечелер, тегерек үстөл, жолугушуулар жана концерттер уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий