• 84.8
  • 98.32
  • 1.21

Белгисиз сүрөтчүнүн баяны

ТАГДЫР 0

Каарманым Таабалды Рахматтилаевди талантуу сүрөтчү, эмгекчил балчы, талаптуу мугалим, кесипкөй фотограф десе куп келет. Аны мменен маектешүү үчүн бир нече жолу үйүнө барганымда өзү түптөгөн бакчасында бал аарыдай тыным албай кыбырап жүргөнүн көрдүм. Ал кайсы ишти баштабасын, чын жүрөгүнөн берилип, майын чыгара жасайт. Көп кырдуу талант Таабалды агайдан “Булардан сиздин жан-дүйнөңүзгө эң жакыны кайсы?” деп сурасам, “көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн өнөрүм сүрөтчүлүк, көөдөнүмдү жарып чыгып, мени мен кылды. Дүйнөнүн, жашоо-турмуштун сулуулугун туюп-сезип, аны көрүүчүгө жеткирүү - мен үчүн чоң бакыт”, - дейт.

Кол жазмадан башталган окуучулук күндөр

Таабалды Рахматтилаев 1952-жылдын 14-январында ошол учурдагы Алай районунун Дароот-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси колхоздо эмгектенген жөнөкөй кишилер болушкан. Таабалды агайдын балалыктан калган бактылуу, унутулгус көз ирмемдери мектепте окуп жүргөн күндөрүнө туш келет.

1958-жылдын 1-сентябрында Жар-Башы айылындагы башталгыч мектепке кабыл алынган бала табияттан келген зээндүүлүгү менен сабакты жакшы өздөштүрө баштайт. Мугалимдер анын окууга болгон кызыгуусун көрүп, жан дили менен жардам беришет. Башка айылдан келип, сабак берип жүргөн Тойкул деген агай Таабалдынын колунан кармап алып жазганды үйрөткөндө, кичинекей окуучу агайынын көңүл бөлгөнүнө маанайы көтөрүлүп, андан бетер билимге болгон кызыгуусу артат.

Таабалды 2-классты Сопу-Коргон айылында жайгашкан ата-энеси жок жетим балдарга, начар турмушта жашаган өспүрүмдөргө жана тоолуу аймактарда мектеби жок болгону үчүн окуй албай жүргөн кыз-уландарга тарбия берүү үчүн ачылган “Алай” мектеп-интернатында улантат. Көптөгөн таланттуу, билимдүү жеткинчектерди уядан учурган бул мектеп Таабалдынын да багын ачып, мыкты таалим берип, шыгын ойготкон.

Мектепте Кыргызстандын төрт дубанынан, ал эмес ошол кездеги СССРдин курамындагы Украина, Россиядан келген мугалимдер сабак берчү. Таабалды агай ал күндөрүн минтип эскерет: “Ушул мугалимдер доскага жазып жатканда, бардык тамгалардын узундугун, туурасын бирдей кылып мончоктой тизип жазышат эле. Ошол мугалимдеримдей болуп, кооз жазууга аракет кылып жүрүп, бир ишти кунт коюп жасоону үйрөнгөн экенмин. Эмгек кол жазмадан башталды. Кол жазмага аябай маани берем. Балдарыма бириң чычкандын куйругундай ичке жазсаң, бириң дат баскан араанын тишиндей жазасыңар деп айтып калам. Бир жолу карасам Алина деген неберем калемсапты бир жакка качып кете тургансып мыжыгып алып жазып атыптыр. Чычкандын изиндей болгон тамгалар ошондон чыгат да. Кол жазмасын ондойм деп, мугалимине сөз бердим эле, жазганды үйрөтүп отуруп, азыр сулуу жазып калды”.

Билимге дилгир окуучу тез жазууга көнүп калган кезинен эле мугалимдердин майда-чүйдө нерселерин жазып берип, агай-эжейлеринин иштерин бүтүрүүгө жарап калат. Ал гана эмес кийин жогорку класс болуп калганда химия-биология мугалимдерге сабак көрсөтмөтмөлүү болуш үчүн китепте көрсөтүлгөн элементтердин өз-ара реакция болгон сүрөттөрүн чоң өлчөмдө тартып берип жүрдү.

Таң калуунун артында пайда болгон сүрөтчүлүк

“Бешиктеги баланын бек болорун ким билет дегендей” дегендей, кичинекей Таабалдынын сүрөт тартууга жөндөмү бар, кызыгуусу күч экенин эч ким деле байкабайт. Тек гана мектеп босогосун аттаганга чейин ал айылдагы чебер-уздардын колунан жаралган буюм-тайымдарды суктанып карап, жерге же ширеңкенин кабыгы сыяктуу тапкан кагазына бир нерселерди чиймелей берет. Анткени ал учурда кадимки биз билген дептердин кагазы дээрлик жок болчу. Айылдагы мектепте эмгектенген тарых мугалими Мамай, дубалдын бети менен бир кылып топоз, тоо-таштын сүрөттөрүн тартчу. Ал мезгилде даяр сүрөттөрдү плакатка басып чыгара койгудай компьютер жок. Ошон үчүн бөлмөлөрдө, көчөлөрдө кол менен тартылган сүрөттөр илинип турчу.

Мамай агай орус художниги В.М. Васнецовдун калемине таандык белгилүү “Богатыри (Три богатыря)” деген картинасын тарткан. Дал ошондой көз жоосун алган сүрөттөргө байкоо салып жүргөн Таабалды, “мен да ушул агайдай сүрөт тартсам, кандай тартыптыр” деп кызыгып жүрүп, калемди кантип колуна кармап, сүрөттү кантип тартып калганынын өзү да байкабай калат.

Таң калуунун артында пайда болгон сүрөтчүлүк талантын мугалимдер байкап, аны сүрөт ийримдерине, кружокторго катыштырышат. Ал жактан сүрөт тартуунун сырларын үйрөнүп, ал гана эмес фотография боюнча да сабактарды алат. Райондук иш-чараларга катышып жүргөн жаш сүрөтчү, 1964-жылы республикалык деңгээлдеги сүрөт көргөзмөсүнө жолдомо алып, алгачкы ирет борбор калаага физика-математикадан республикалык олимпиадага жөнөгөн классташтары менен сапар тартат.

Мугалимдеринин “Сүрөтчүлөр союзунун башчысы, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковго жолуга кел” деген сөзүн энөө бала унутуп коет да, жолдоштору бошогончо шаарды кыдырып жүрө берет. Фрунзе калаасы өзүнүн көркөм сулуулугу менен жаш жеткинчектин талантына шык кошуп, өзүнө арбап алат.

Сопу-Коргондогу мектеп-интернаттын сегиз жылдык билимине ээ болгон өспүрүм, 1966-жылы Дароот-Коргондогу “Коммунист” орто мектебине келип кирет. Жантыгынан жата калып билим алган бала сүрөтчүлүк өнөрүн да жерге таштабай, борбордон келип туруучу “Кыргызстан пионери” гезити менен чыгармачылык байланышта боло баштайт. Анын “Биздин кыштак”, “Кызыл Туу” сыяктуу сүрөт-пейзаждары жарыяланган гезит беттери азыр да сакталуу бойдон турат.

Келечектин сүрөт мугалими

Жаш сүрөтчү мектепти бүтөр жылы аталган гезиттин кабарчылары жана жазуучу Камбаралы Бобулов келет. Алар “борборго баргыла, элеттин жаштарын кабыл алабыз. Жогорку окуу жайлар сүрөт искусствосуна кызыккан, адабиятка, илим-билимге сугарылгысы келген жаштарды күтүп жатат”, - деп, уядан учканы жаткан окуучуларга дем берет.

Мектептеги коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн Таабалды Рахматтилаев 1968-жылы Фрунзе шаарындагы С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайына тапшырып өтүп кетет. Элеттен барган студенттер үчүн сабактарды өздөштүрүү кыйынга турду. Бирок окуу жайдагы мыкты мугалимдердин жардамы менен ичтен оргуштап турган талант оорчулукка моюн сунбады.

Окуу жайдын көркөм-сүрөт мугалими Таабалды Рахматтилаев ар дайым мугалимдеринин айткандарын эки кылбаганын эстейт: “Окуу жайда педагогикалык багытта билим алдым. Шаарда окуган балдар менен айылдан келген студенттердин айырмасы асман менен жердей эле. Айылдан келгендер абдан кыйналдык. Тырышчаактыгыбыздын натыйжасында бир жылдан кийин шаардык балдардан өтүп кеттик. Мугалимдер классикалык жанрды талап кылчу. Алардын айткандарын кың дебей кылчубуз”.

3-курсту аяктап жатканда практикалык иштер башталып, маданият министрлигинин колдоосу менен көркөм- сүрөт окуу жайынын студенттери Россияга жол алышат. Алар Москвадагы Третьяков сүрөт музейинде, Ленинград шаарындагы дүйнөгө атагы чыккан Эрмитаж музейинде болушуп, Пушкин атындагы орус-сүрөт музейин аралашат. Бул музейлерде коюлган орус художниктеринин эмгектери жаңыдан талпынып келе жаткан сүрөтчүлөрдүн талант деген эмне экендигин тереңдеп түшүнүүлөрүнө өбөлгө болот.

Мекенге кызмат кылып жүргөндө ишке жараган өнөр

1971-жылдын күз айларында Советтик Армиянын катарына чакыруу кагазын алган Таабалды Рахматтилаев Алыскы Чыгышка мекенге кызмат кылуу үчүн жолго чыгат. Ал жерде да жөн жүрбөй, бош убактысында Аскер Округуна тийиштүү “Суворовский натиск” гезитине ар түрдүү эмгектерин жарыялап турат. Аскердеги көрүнүштөрдөн, кызматын мыкты өтөп жаткан солдат-сержанттардын сүрөттөрүн гезитке жөнөтүп турганда, редакция да анын мээнетин баалап, 5-10 сомдон кызмат акы төлөп турчу. Патриоттуулукка тарбиялаган Лениндик бөлмөнүн ар кандай темадагы бурчтарын жасап, кооздогондугу үчүн командирлер тарабынан ыраазычылыкка ээ болот.

Өмүрдүн теңин алган мугалимдик жылдар

1974-жылы сүрөтчүлүк өнөргө терең сугарылып, колуна “сүрөт жана чийүү мугалими” деген дипломду алып, “көрүшкөнчө борборум” деген бойдон алыскы айылына жөнөйт. Ошол эле жылы Жар-Башы айылындагы “Теңдик” сегиз жылдык мектебине ишке орношуп, эки жылдай балдарга сүрөт тартканды үйрөтөт.

Сабак өтүүдөн сырткары да мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин суранычы менен имараттарга ар түрдүү сүрөттөрдү тартып берет. Сүрөт сабагынан саат аз болгонуна байланыштуу, 1975-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун орус тили жана адабияты факультетине тапшырып, экинчи жолу жогорку билимге ээ болот. Бир учурда сырттан окуу жана мектепте сабак берүү агайдын көп убактысын алып, сүрөтчүлүккө көп көңүл бурбай калат. Ошого карабастан чыгармачылык иштери уланып, бир топ пейзаж, натюрморт, портреттер тартылды. Лениндин 100 жылдык маарекесине арналган сүрөт-көргөзмөсүнө коюлган агайдын эмгектерине “Мугалимдер газетасы” тарабынан жакшы сын-пикирлер айтылды. 1977-жылы райондук билим берүү бөлүмү Таабалды агайды Карамык айылындагы Ленин орто мектебине жөнөтөт.

Ошол боюнча ал аталган айылга там салып, бак отургузуп, очор-бачар болуп жайгашып калат. Чоң-Алай району уюшулгандан кийин көптөгөн мектептерди жасалгалап, таалим-тарбия берүүгө да эмгеги сиңет. Өзү үчүн эмес, ар дайым билим берүү мекемелери үчүн сүрөт тартып жүрүп, тарткан эмгектерин чогулта албай калганына ичи ачышат.

“Жаңыдан салынып бүткөн Ленин мектеби үчүн сүрөттөрдү тартып, бөлмөлөрдү жасалгалоону аяктаганымда, Алай райондук профсоюздун жетекчиси Алтын Сактанова электрондук колго таккан саат белек кылган. “Жакшынын шарапаты” дегендей, ал киши эмгегимди баалап, Крымга эс алууга жолдомо берген. Ошол кездеги Ленин мектебинин директору Арпидин Примбердиев мени мамлекеттик катчысындай кылып, ар дайым жанында алып жүрчү. “Сен эсепке таксың, сабаттуу жазасың, адашпайсың” дечү. Ага да ыраазымын. Көп жыл аталган мектепте эмгектендим. Неберем мурда ардагер мугалимдердин катарында сүрөтүм илинип турганын, кийин алып салышканын айтты. Убагында ыраазычылык баракчасын деле карматышкан эмес. Эмгегимди кудайым билсин деп коем. Эч качан жулкунбаптырмын. Бир жетекчи “сен анык таза пролетариатсың” деп койчу”. Агай убагында райондук “Күжүрмөн Эмгек” гезитинде фото-кабарчы болуп да эмгектенген. Мугалим болуп жүргөндө окуучуларга сүрөт тартканды үйрөтүү аябай кызыктуу иш болчу. Жаштарга бир нерсе үйрөтүүдө ак эткенден так эткен агай талапты катуу коюп, олутуу мамиле жасаганын окуучулары жолукканда азыркыга чейин айтып беришет. Ар бир окуучунун окуганын таразанын ташындай кылып баалап, чынчыл болууга аракеттенчү. Мектепти бүткөнүнө көп жыл болгон бир окуучусу: “Агайдын сүрөттү кантип тартыш керек экендигин көрсөтүп бергени дагы деле эсимде. Мыкты сүрөтчү. Ушундай мугалимден сабак алганыма сыймыктанам. Эч кимди көтөрмөлөп баа койгон эмес. Ар бирибиз окуганыбызга жараша баа алчубуз”,- деген оюн айтты.

Агай тарткан порттреттерин көрсөтүп жатканда, окуучуларынын сүрөттөрү көп экенин байкадым. Сүрөттөрдү окуучуларга практикалык сабак өтүп жатып тартканын баяндады. Айылдаштары, кошуналары, кээде башка айылдан да келип “ушул кишинин портретин тартып бериңизчи”, дегендер болуп калат.

“Бир жолу согуш ардагери ырааматылык Токтобек Мурзаев деген аксакал бүт орден-медалдарын көкүрөгүнө тагып, эшекти минип “менин сүрөтүмдү тарт” деп келген экен. Портретин тартып бүткөнчө 3-4 күн үйүмө каттады. Дагы бир Сүйүндүк Калилов деген агайды жандуу карап тартып бердим. Башка келген болбоду”, - деп эскерет.

Буга чейин бир топ кишилердин сүрөтүн тартып берсе да, эч ким менен соодалашып, эмгеги үчүн акы сураган эмес. Анын эсинде калган эмгек акысы - бир көргөзмөдө коюлган күндүн батып баратканын тарткан пейзажын сатып алгандар, эмгеги үчүн жарым кап кумшекер берип, аны үй-бүлөсү менен кыйлага чейин пайдаланышкан.

Чырпык кезде отургузган тал-теректин бак болгонун көрүп, карыганымды сезип жатам

69 жаштагы Таабалды Рахматтилаев ушул күнгө чейин алдым жуттум болбой, өмүр дайрасында буркан-шаркан болбостон, жай гана агып, турмуштун татаал жолунда ийри кетпей, түз жүрүп олтурду.

“Студент кезде айылымды сүрөтүм менен таанытам дечүмүн. Адашкан экенмин. Айылга келгенден баштап, чыгармачылык аксап, өзүм күнүмдүк тиричиликке алаксып калдым. Жаш өтүп калганда өмүр кыска көрүнүп, эч нерсеге убактыт жетпечүдөй болот. Жаш кезиңде чоң максат коюп, өмүр менен кошо орундатып отурасың, азыр кичине максат койсоң да үлгүрбөй калчудай сезимде калат экенсиң. Бакчамдагы бүт тал-теректи жаш кезде өз колум менен чырпык кезинде отургузгам. Азыр эми дүпүйгөн бак болуп калды. Өзүмдү ушул бакка салыштырып, карыганымды сезип атам”, - деген Таабалды агай, байбичеси Дөөлөт эже менен 3 уул, 3 кызды тарбиялап чоңойтуп, татыктуу билим берип, өз уяларына кондуруп, бактылуу карылыктын доорун сүрүүдө.

Балдары тууралуу сураганымда “Балдардын мектепти бүткөн учуру 90-жылдарга туура келет. Ага карабастан баары жогорку окуу жайда окушту. Айрымдары өз кесиби менен иштешсе, кээ бирлери башка иштер менен алектенет. Бирөө да менин жолумду жолдоп, сүрөт тартууга шыгы болбоду. Чындыгында мен да бул өнөрдүн кимден келгенин билбейм”, - дейт.

Агай карыдым деп отуруп калбастан, күндө бакчага кирип, бал челектерин карайт, мөмө-жемиштерди сугаруу менен бир да мүнөтүн бекерчилик менен өткөрбөйт. 90-жылы орусча китептерди окуп жатып, бал тартуу ишин өздөштүргөнүн, жылына 1,5 тонна бал алганын айткан эмгекчил балчы, мындан кийинки жылдарда балды толугу менен балдарына өткөрүп, кайра сүрөтчүлүккө кайтып, көп эмгектерди жаратам деп ниет кылууда.

Даярдаган Самира Шарипова

Пикир

Оставить комментарий