• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билерик, шуруларды колго жасап сатуу - пайдалуу бизнес

ТАГДЫР 0


Бишкек, 19.12.17 /Айсулуу Кабылбекова - Кабар/. Азыркы учурда кооздугу көз жоосун алган билерик, шуру, таажылар кеңири жайылууда. Бул аксессуарлар ар бир көйнөктүн көркүн ачып, образды толуктап, көркөм көрсөтөт эмеспи. Борбор калаабыздагы дүкөндөрдө мындай кооздуктардын түрүн тапса болот. Бирок аны өз колу менен жасап, сатып чакан бизнесин ачкандар да бар экен. Анда эмесе аксессуар жасап киреше табам десеңиз же жөн гана кызыгып жатсаңыз бул макаладан маалымат аласыз.

Даяна Мурасова мектепте окуп жүргөн кезде эле хобби катары ар кандай билерик, мончокторду жасоо менен алектенчү. Кийин жогорку окуу жайга келгенде бул кызыгуусуна олуттуу мамиле жасап, чакан ишкердигин баштоону чечкен. Азыр ал Кыргыз-Түрк Манас Университетинин үчүнчү курсунда окуп, ар түрдүү аксессуарларды тапшырык менен жасап иштейт.

“Алгач билериктерди жасап баштагам, кийин колье, подвеска, сөйкөлөрдү жасоого өттүм. Азыр таажыларды даярдоону баштап жатам. Бул иш окуума да тоскоол болбойт, кошумча каражат табууга да жардам берет.

Бул ар бир кардар менен жекече иштеше турган персоналдык жумуш. Мен алгач тапшырык берген адам менен кандай түстө, кандай жасалгада кааларын сүйлөшүп, билерик болсо кол өлчөмүн билип алам. Эгер менин инстаграм баракчамдагы жасалгалар жакпаса интернеттен издейбиз, анан көңүлүнө жакканын тапканда ага окшоштуруп жасап берем. Ал эми өзгөчө нерсени кааласа албетте фантазияны ойготуу керек. Жана ошондой эле жасоо техникасын Youtube каналынан үйрөнүп алса болот”,- дейт Даяна.

Даянанын бул ишмердигине үч жылдын жүзү болгон. Анын айтымында, бул базарга чыгууда эң алгач өзүңдүн аудиторияңды белгилеп алуу маанилүү. Анткени, мектеп курагындагы өспүрүмдөр менен 30 жаштагы жарандардын табити, талабы ар башка болот. Кичине кыздар арзан, жалтырак билериктерди көп алат, 18-24 жаштагылар (каармандын аудиториясы) кичине олуттуураак, орточо баадагы жана негизгиси табит менен жасалган, саркеч аксессуарларды тандайт. Ал эми андан улуулар албетте, материалы сапаттуу, олуттуу нерселерди талап кылат.

“Ишке керектелген материалдарды Бишкектеги “Myhobby» деген дүкөндөн алам. Мен аз санда жасап жаткандыктан базарга салыштырмалуу кымбатыраак болсо дагы дүкөндөн алганым ыңгайлуу. Азыр материалдарды интернет аркылуу Кытайдан тапшырык кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн, бирок баягы эле көп санда алуу керек болот”,- деп бөлүштү Даяна Мурасова.

Даянанын айтымында, бул бизнести өнүктүрүүдө жарнама чоң роль ойнойт. Ал үчүн социалдык тармактардан баракча ачып (эң таасирдүүсү инстаграммдан) жасаган аксессуарлардын сүрөттөрүн байма-бай салып туруу керек.

Ишкердиктин бул түрү менен алектенген дагы бир каарманыбыз -Жунушалиева Айжаным. Ал Борбор калаабыздагы дүкөндөрдүн бирине көп сандагы аксессуарларды жасап, тапшырат.

“Бул ишмердикти апамдын сунушу менен аркалап калгам. Алгач мектепте окуп жүргөндө апам өзүңдүн хоббиң болушу керек, билерик, теспе жасап көрбөйсүңбү деп керектүү материалдарды алып берген. Сабактан бош убагымда теспе жасап, билинбей эки жүздү даярдап коюптурмун. Аны дүкөнгө алып келсем жакшы баада сатып алышты. Ошондон кийин бул ишке олуттуу мамиле жасап, аксессуарлардын түрүн жасай баштадым”,- дейт Айжаным Жунушалиева.

Айжаным жасалгаларды көп санда жасап жаткандыктан керектелүүчү таштарды “Дордой” базарындагы Жунхай бөлүгүнөн дүң баада алат. Бирок кара ниет сатуучулардын капканына түшүп калбаш үчүн колдонуучу таштарды тандай билүү керек. Мисалы, сапаттуу, жакшы таштар башкаларга салыштырмалуу оор болот. Таш канчалык оор болсо, ошончолук баасы да жогорулайт. Ал эми дарылык касиети бар интердан, малахит, агат деген таштарды ишенген гана адамдан алуу керек. Аксессуардын жиптери да маанилүү, аны каарманыбыз “Мадина” базарынын кире беришинен табат. Ошентип материалдарды даярдап алган соң жасоого киришет.

“Бул иш менен жаңы гана алектенип жаткан адамдар алгач эмнени кайсы материал менен жасаарын так аныктап алыш керек. Мисалы, билерикти туура эмес жип менен жасап алса ал көп адамдын колуна батпай калышы мүмкүн. Баардык нерседен аз-аздан жасап эксперимент жасоо абдан пайдалуу. Биздин иш эл менен түздөн-түз байланышып жаткандыктан, көпчүлүктүн каалоосун эске алып жана албетте моданы карап туруу керек. Мисалы, учурда өрүлгөн жиптер популярдуу болуп жаткандыктан, мен да ошону көп даярдап жатам. Бул ишмердикте сан менен гана утасын”, -деп кеңеш кылат Айжаным.

Айжанымдын айтымында, жасалгаларды даярдап алган соң аксессуар саткан дүкөндөргө сунуштоо керек. Ошондой эле жарнамага чоң маани берүү абзел. Албетте, ар бир эле иш сымал бул ишкердиктин да ийгилиги адамдын өжөрлүгү жана эмгекчилдиги менен өлчөнөт. Андыктан убактыңызды текке кетирбей, дароо пайдалуу иш менен алектене баштаңыз.

Пикир

Оставить комментарий