• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги Сузакта мектептин курулушуна катышкан мугалимдер боюнча комментарий берди

Аймак 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги интернетте тараган социалдык объектинин курулушуна катышып жаткан аялдардын видеосуна байланыштуу тушүндүрмө берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков атындагы орто мектептин директору Хасият Сайпилаеванын айтымында, мындан мурда мектептин администрациясы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына мектеп лабораториясы, китепкана жана архив үчун кошумча корпус куруу өтүнү менен кайрылган.

Жергиликтүү бийлик мектептин кошумча корпус куруу өтүнүчүн канаатандырып, 2021-жылга жергиликтүү бюджеттен аталган объектини курууга 1 млн 106 миң сом, долбоорлук-сметалык документтерине 257 мин сом каралган. Объектини мындан ары каржылоо дагы мергиликтүү бюджеттен каралат.

“Курулуш иштери мектептин аймагында жакында эле башталды. Ушул мектептин мугалимдери өздөрүнүн демилгеси менен курулуш иштерине жардам көрсөтүү максатында бир күндүк ашар уюштурушкан”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий