• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Билим берүүнүн мыктысы” болгон жаш мугалим министрдин тууганыбы? – расмий жооп

Коом 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Интернет булактарында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзүнүн жакынына “Билим берүүнүн мыктысы” деген төш белгисин берди деген маалымат чыккан. Министрлик бул маалымат туура эместигин жана Каныбек Исаков менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жоктугун билдирет.

Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы министрликтин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө аталган төш белгиге татыган.

"2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктары жөнүндөгү жобосунун 7-пункттуна (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) ылайык, билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда министрликтин ардак грамотасы менен сыйланбаган адамды: республикалык “Жыл мугалими” сынагынын, мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарынын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрүн, окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер, республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлер, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана ардак грамота менен сыйлоого укуктуу. №50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин география мугалими Ош шаарында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими 2019” сынагынын жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий