• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бирөө аман калып, эки жаран сууга агып кеткен. Ноокатта катталган жол кырсыгынын кесепети

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, автоунаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Бкл тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, унаада үч адамдын ичинен бирөөсү аман калып, жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 64 жаштагы эркек киши жана 4 жашар бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 3 куткаруучу тартылып, саат 22:30да түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 15-сентябрь күнү издөө иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий