• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир топ адам эмделүүгө даяр. Дарыгерлер тездетүүнү суранышууда

COVID - 19 0

Дүйнөдө коронавирус менен күрөшүүнүн көптөгөн ыкмалары иштелип чыгып, учурда колдонулуп жатат, бирок вирустун жайылышы уланууда. Вирустук коркунуч эч кайда жоголгон жок. Ал арада адистер белгилешкендей, “пандемиялык чарчоого” – жаңы ооруга байланыштуу кабатырлануунун негизинде психологиялык чаалыгууга учураган адамдар улам сайын көбөйүүдө. Клиникалык психолог Анна Крымскаянын айтымында, тынчсыздандырган жаңылыктардын тынымсыз агымы чындап ооруп калуу коркунучунун алдында кооптонууну эмес, тескерисинче, чектөөлөрдү жана эмдөөлөрдү кайрадан киргизүүгө байланыштуу кыжырданууну жаратып жатат. Адистердин тилинде бул пандемиялык чарчоо же ковиддик-чаалыгуу деп аталат. Кесипкөйлөр муну эмдөөнүн жай жүрүүсүнө бирден бир себеп деп эсептешет.

Жакынкы күндөрү мамлекеттердин өкмөттөрү 2021-жылдын аягына чейин дүйнө калкынын 40% эмдөөнү камсыз кылуу үчүн конкреттүү чараларды көрүүлөрү зарыл, деп билдирди БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш. Ал өз сөзүндө эмдөөнүн көрсөтүлгөн пайызы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан билдирилген максаттарга ылайык келерин белгиледи. “Өлкөлөр ... 2022-жылдын ортосуна чейин бардык өлкөлөрдөгү эмдөө шарттарында бир топ активдүү болуулары керек”, - деп кошумчалады — Гутерреш.

Биз дүйнө жүзүндө эмдөөнүн жүрүшү боюнча акыркы статистикага кызыгып көрдүк жана жалпысынан жана айрым өлкөлөрдөгү көрүнүш төмөндөгүдөй.

Казакстанда калктын 43% эки компонент менен эмделген, Азербайжанда - 45%, Грузияда - 40%, Арменияда - 25%, Белоруссияда - 35%, Тажикстанда - калктын 30% жакыны. Ал эми бизде Кыргызстанда бул көрсөткүч болгону 14% ды түзөт.

Чарчоо, чаалыгуу, камырабастык - мунун баары жаман, боор оорутары түшүнүктүү, бирок жарандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна жооптуу бийлик өкүлдөрү, сезимдер менен алыша турган шартта эмес. Ал эми көптөгөн мамлекеттерде калктын жалпы эмдөөдөн өтүүсүн тездетүү үчүн өтө катаал чаралар көрүлүп жаткандыгы мыйзам ченемдүү нерсе, бул дагы, адистердин пикири боюнча, эпидемияга каршы күрөштүн натыйжалуу ыкмасы болуп калган. Айрым мисалдарды келтирсек.

Австрияда COVID-19га каршы эмделбегендер кийинки жылы март айынын ортосунан тартып 3,6 миң еврого чейин айыппул төлөшөт. Милдеттүү түрдөгү эмдөө тууралуу мыйзам 1-февралдан тартып күчүнө кирет жана Австрияда жашаган 14 жаштан жогору курактагы бардык жарандарга тийиштүү болот.

Ливанда 17-декабрдан баштап коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын албаган адамдар үчүн кечки жана түнкү коменданттык саат киргизилген.

Калкынын төрттөн бир бөлүгү гана эмделген Арменияда Саламаттыкты сактоо министрлиги эмделбегендер үчүн коронавирустан дарылоону акы төлөнүүчү кылуу маселесин олуттуу карап жатат: же эмдел, же 1700 доллар төлө. Ал эми интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө, деп жазат ЖМКлар, 90% дан ашыгы – эмдөөдөн өтпөгөндөр: айтып коюу керек, ойлонуу үчүн өтө, абдан олуттуу маалымат.

Бириккен Араб Эмираттарында 3-январдан тартып мамлекеттик мекемелерге кирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө, мында коронавируска каршы эмделгендер гана кире алышат. “Мекемелерге кирүүгө БАЭда жактырылган вакцинанын эки дозасын алган, ошондой эле бустердик дозаны алган адамдарга уруксат берилет, алар смартфондорунан жашыл түстөгү Alhosn атайын тиркемесин көрсөтүүлөрү керек”, - деп белгилешет БАЭ Саламаттык сактоо министрлиги.

Бүткүл дүйнө боюнча структуралык бөлүмдөрү бар глобалдык корпорациялар антиваксерлер деп аталгандарга каршы катаал чараларды көрүүнү башташты. Мисалы, CNBC компаниянын ички документтерине ылайык билдиргендей, Google компаниясынын коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлери иштен бошотулушу мүмкүн. Google жетекчилиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө, 3-декабрга чейин алар эмделгени же медициналык же диний себептерден улам эмдөө жасатпаганы тууралуу тастыкталган маалыматты берүүлөрү керек.

Бийликтер коронавируска каршы эмдөөдөн баш тарткандар үчүн айып салуу маселеси боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп жатышат, деп билдирди РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова. "Анын канчалык натыйжалуу, канчалык колдонууга ылайыктуу экенин карап көрөбүз" дейт ал.

Көптөгөн өлкөлөрдүн бийлиги тарабынан алынган чараларды күчөтүү багыты мыйзам ченемдүү: эпидемияны токтотуу гана мүмкүн болбостон, жаңы коркунучтар дагы жаралууда, анын арасында омикрон чоң кооптонууларды пайда кылууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда (ДСУ) коронавирустун жаңы штаммы тез жайылып жатканын, ал эми жаңы жугузуулар ар бир эки-үч күндө эки эсе көбөйүп жатканын билдиришкен. Уюмдун өкүлү Дэвид Набарронун айтымында, кырдаал “бир жумадан кийин сегиз эсе олуттуу жана эки жумадан кийин 40 эсе олуттуу болот”.

Омикрон бардык рекорддорду коюп келе жатат: Улуу Британияда пандемия башталгандан бери ооругандардын эң көп саны аныкталган – суткасына 93 миң учур, ошону менен бирге оорунун күчөшүнүн эң жогорку чеги Жаңы жылдан кийин күтүлүүдө. COVID-19дун 50 миллиондон ашуун учуру катталган АКШда акыркы жумада ооруну жугузуу 30 пайызга өскөн. АКШнын президенти Джо Байден COVID-19га каршы эмделбеген адамдарды “катаал кыш” күтүп жатканын эскертти. Омикрон-штаммы 17-декабрда Японияда аныкталды, мында буга чейин дельтанын өз алдынча жок болуусунан улам коронавирус дээрлик токтогону тууралуу билдиришкен. Жаңы вариантты өлкөдөн тышкары чыкпаган адамдан аныкташкан.

Вакцина COVID-19дан коргонуунун эң ишенимдүү жолу бойдон калууда, эмдөө алгандардын арасында оорулардын саны төрт пайыздан ашпайт жана бир нече гана оор учурлар бар экенин адистер тажабай кайталап келишет. Сентябрдын аягында ДСУ SARS-CoV-2ден өлүм менен профилактикалык эмдөөдөн баш тартуунун ортосундагы байланышты тастыктады.

Масс-медиада, айрыкча соцтармактардагы маалыматтарга мониторинг жүргүзүү, эмдөөнү колдогондордун жана ага каршы чыккандардын ортосундагы талкуулар жана кызуу талаштар буга чейин нейтралдык позицияны карманган адамдардын маанайы өзгөрө баштаганын көрсөтүүдө. Алардын көпчүлүгү психологиялык жактан бышып, эмделүүгө даяр болушту. Бирок дарыгерлер эмдөөдөн өтүүнү тездетүүнү суранышууда.

Пикир

Оставить комментарий