• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп Сатыбек Каныбеков дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.08.20 /Кабар/. Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп Каныбеков Сатыбек Каныбекович дайындалды. Буга чейин ал мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүн жетектеген.

Белгилей кетсек, буга чейин акимдин биринчи орун басары Адилет Малдыбаев болгон. Азыр ал убактылуу муниципалитеттин аппаратынын жетекчисинин милдетин аткарууда.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий