• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ Россия жана Түркиядан келген кыргыз дарыгерлерин сыйлады

Коом 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү үчүн Россия жана Түркиядан келген кыргыз дарыгерлери сыйланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дарыгерлерди сыйлоо аземи күн мурун, 7-августта өтүп, сыйлыктарды КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тапшырган. Министр өз сөзүндө коронавирустук инфекциясына каршы күрөштө дарыгерлердин баа жеткис салымын белгилген.

«Пандемия күчөгөн учурунда үч миңден ашуун адамга медициналык жардам көрсөтүп, оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн сактап, татаал аймактарда иштедиңиздер. Баарыңыздар "кызыл зонада" иштедиңиздер, бирок клиникалык дарылоодон тышкары, семинарларда жана лекцияларда жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, аларга дем берип, тажрыйбаңыздарды жана билимиңиздерди бөлүшүүнү уланттыңыздар. Сиздер учурдун баатырысыңар", - деп баса белгилеген министр Айдарбеков.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана саламаттыкты сактоодогу ийгиликтери үчүн жети дарыгер ТИМдин 75 жылдыгынын юбилейлик медалы менен сыйланды. Ал эми 31 дарыгерге "COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө өзүн аябаган эмгеги жана салымы үчүн" ыраазычылык айтылган.

Пикир

Оставить комментарий