• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Кемелова Omnisystem корпорациясынын президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 6-августта Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова Omnisystem компаниясынын президенти Пак Хи-рин менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кемелова компаниясынын президентине Кыргызстан жана Кыргыз Республикасындагы пандемияга байланыштуу кырдаал боюнча кыскача айтып берген. Коронавирус менен күрөшүү максатында кыргыз тараптын Omnisystem компаниясы менен кызматташууга жана Кыргызстанда ПЦР-тесттерин чыгарууга кызыкдар экендигин билдирди.

Аталган компания санариптик эсептегичтерди, косметикалык каражаттарды, биологиялык продукцияларды өндүрүү, ошондой эле медициналык заманбап буюмдарды жана жабдууларды иштеп чыгуу боюнча Түштүк Кореядагы алдыңкы компаниялардын бири болуп эсептелет. Тактап айтканда, ал ДНКны аныктаган, адам ооруларын баштапкы учурда аныктоочу жабдыктарды өндүрөт.

COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып Omnisystem корпорациясынын карамагына кирген AMSBIO компаниясы өзүнүн уникалдуулугу менен айырмаланган ПЦР-тесттерди жана ага тийиштүү жабдууларды өндүрүүгө адистешкен.

Компаниянын маалыматы боюнча, тесттердин жыйынтыгы 52 мүнөттүн ичинде даяр болот. Компаниянын дагы бир артыкчылыгы болуп тесттин жыйынтыктарынын тактыгынын 100 пайыздыгы эсептелет. Мындан тышкары, AMSBIO компаниясынын тестинин жыйынтыктары адамдын коронавируска чалдыкканын баштапкы учурда аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий