• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биринчи вице-премьер Баатырбеков дары-дармектерге карата баанын өсүшү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата баанын өсүшү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«Эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу COVID-19 дарылоого пайдаланылган дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына чектелген кошумча бааны орнотуу аркылуу бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү мүмкүндүгү каралууда», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Республикалык ыкчам штабга дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга баанын негизсиз көтөрүлүшүн мониторнгдөө жана ага ыкчам жооп кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий