• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы борбордук көчөлөрдө пайда болгон жол тыгынынын себебин түшүндүрдү

Коом 0


Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бишкекте троллейбустардын линияларынын үзүлүшүнөн тыгын пайда болгон.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, үзүлгөн линиялар Байтир Баатыр менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

“Мындан улам №4, №6, №7, №8, №9, №10, №17 троллейбустар токтоп калган. Учурда мүчүлүштүктөр жоюлуп, коомдук транспорт ишин жандантты”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий