• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияда кыргызстандык келиндин күйөөсү тарабынан сабылышы. Консулдук укуктук жардам көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Түркияда күйөөсү тарабынан сабалган келинге укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 15-февралында ЖМКларда Түркияда жолдошу тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылып, көчөдө калган 1993-жылы туулган А.Р. аттуу КР жараны тууралуу маалымат тараган.

"Аталган факты боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жараны А.Р. менен телефон аркылуу ыкчам байланышканда, А.Р. учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Ошону менен бирге ал балдары менен Кепез шаарында ижарага алган батирде жашап, жана андан ары Түркияда туруусун мыйзамдаштырып, ошол жакта калууну көздөп жатканын маалымдады. Ал эми жолдошуна карата Кепез шаардык үй-бүлө маселелери боюнча башкармалыгынын буйругу менен А.Р менен байланышууга бир айлык мөөнөткө соттук тыюу салынган", - деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан аталган жаранга Түркияда жашап турууга уруксат алуу маселеси жана өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча консультация берилди.

Бул маселе министрликтин жана Башкы консулдуктун туруктуу көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий