• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек 32 казакстандыкты кабыл алып, алар жатакана жана тамак-аш менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Өткөн суткада Бишкек мэриясынын кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын 32 жаранын тосуп алып, “Достук” мейманканасына жайгаштырды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, казакстандык коноктордун мейманканаларда болуу акысы мэрдин резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

«Учурда Бишкек шаарынын мэриясы менен Казакстандын элчилиги «Достук» мейманканасынан «Ак-Жол» өткөрүү пунктуна жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча даярдыктарды көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кечээ борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча шаардык штабдын иш-чараларынын планын бекитип, ага ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын бир катар кызматтары жана райондук администрациялары Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте иш алып барууда.

“Учурда «Манас» аэропортунда мэриянын нөөмөтчү автобустары иштеп жатат жана Казакстандын элчилиги менен макулдашып, бардык коопсуздук чараларын сактоо менен казак жарандарын уюшкан түрдө тосуп алуу жана «Ак-Жол» өткөрмө бекетине жеткирүү иштери да жүргүзүлөт. Муктаждык болсо, «Достук» мейманканасына да жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп билдиришти муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен тыгыз жана тынымсыз байланышта болуп, «Манас» аэропортуна учуп келүүгө аргасыз болгон Казакстандын жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча иш алып барууда.

Казакстандык транзиттик жүргүнчүлөрдү муниципалдык транспортторду тартуу менен ташуу уюштурулуп, ошондой эле алар Казакстанга жөнөгөнгө чейин Бишкектеги мейманканаларда түнөө жана ысык тамак менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий