• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек — Чалдовар трассасында КамАЗ менен Daewoo Nubira кагышып, бир киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Бишкек — Чалдовар унаа жолунун 85-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Daewoo Nubira жеңил автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 1989-жылы туулган Д.К., аттуу айдоочусу каза болгон.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, маркумду унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий