• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунда дарактарды кыюу иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Бишкек – Кара-Балта унаа жолун кеңейтүү максатында дарактарды кыю иш чарасы башталды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, Москва районундагы 46-чакырымда 20 сөнгөк жулунду. Жолду чоңойтуу үчүн жалпысынан 3 миң дарак кыйылат. Аталган министрликтен кабарлашкандай кыйылган бак-дарактардын ордуна 4,3 миң көчөт отургузулат.

Дарактарды кыюу иштери Бишкек-Ош унаа жолунун бир бөлүгүн калыбына келтирүү долбоорунун негизинде аткарылууда.

Мындан тышкары, жол жээктеги 200 обьектини түрттүрүү каралган. Алардын ээлерине компенсация катары 2,2 миллион доллар төлөнөт.

Бишкек – Кара-Балта жолу “ЦАРЭС 3 транспорттук коридорду жакшыртуу » долбоорунун негизинде жаңыланууда.

Долбоор 100 млн АКШ долларын бөлгөн “Азия банкы” тарабынан каржыланууда. Анын 65 млн доллары – насыяга, 35 млн доллары грант түрүндө берилген. Ошондой эле, мамлекет тарабынан 28 млн доллар кошо каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий