• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Минск шаарларынын кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Шаардык муниципалитетте мэр Айбек Жунушалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту.

шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен боордош Минск шаарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Бул кадам мамлекеттик деңгээлде гана эмес, муниципалдык деңгээлде да байланыштарды тереңдетүүгө багытталган.

Мэр эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшүнө үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий