• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри Свердлов районун кыдырды

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйында көп маселелер жеринде ыкчам чечилип, борбор калааны көрктөндүрүү иштерине шаардын активи да тартылууда.

"Бул жолу мэр Свердлов районунун ички короо жолдорун кыдырып чыкты. Сүйүмбаев, Киев, Осмонкул жана Москва көчөлөрүнүн аймагындагы жеке турак жай курулушун мыйзамдаштыруу маселеси каралды. «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жана жер ресурстары башкармалыгына көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды". - деп айтылат билдирүүдө.

Аламүдүн-1 кичи районундагы №40, №41 жана 42-үйлөрдүн короо ичиндеги жолдору боюнча Свердлов райондук администрациясына жана «Бишкексфальтсервис» муниципалдык ишканасына 2022-жылга капиталдык оңдоонун титулдук тизмесинин долбооруна киргизүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, райондук администрацияларга, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖКККББна жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына №38 мектептин түштүк тарабындагы аймакты токтоп турган унаалардан бошотуп, тиешелүү белгилерди орнотуу тапшырмасы берилди.

Бул багыттагы көчмө жыйындар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий