• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы “Батуми” кафесинин мыйзамсыз бузулушу боюнча маалыматка комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы “Батуми” кафесинин мыйзамсыз бузулушу боюнча маалыматка комментарий берди.

Мунииципалитеттен белгилешкендей, социалдык тармактарда “Батуми” кафесинин администрациясына эскертүү мөөнөтү берилгени тууралуу такталбаган маалыматтар тарап жатат.

"Ыктыярдуу демонтаждоо тууралуу билдирүү 2023-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан берилген. Билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптар аткарылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Батуми" кафесин бузуу иштерин улантууда.

Эскерте кетсек, күн мурун Бишкек мэриясы Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулуп жаткандыгын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий