• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы ишкердикти колдоо программасын иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы 2022-2024-жылдарга ишкердикти колдоо программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, программа Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги тарабынан ишкердикти өнүктүрүү жана жигердүүлүктү ишкердикти жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыккан.

Программанын максатына жетүү үчүн милдеттерди чечүү болжолдонот:
- ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүү жана ишкердик субъекттерин экономиканын байкалбай турган секторунан чыгаруу үчүн шарттарды түзүү;
- ишкердикти колдоону ченемдик-укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Бишкек шаарынын ишкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.

Программанын ажырагыс бөлүгү конкреттүү милдеттерди, аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу аткаруучуларды камтыган иш-аракеттер планы болуп саналат.

Программа Бишкек шаарынын бюджетинде каралган каражаттардын алкагында ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий