• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы жарандардан унааны дарактардын жанына калтырбоону өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаада нымдуу кар бак-дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизүүдө.

"Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор болсо, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын колл-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номери боюнча жөнөтүңүздөр", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий