• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы: Жер өтмөктөрүн оңдоого аскерлер тартылган эмес

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Жер өтмөктөрүн оңдоого солдаттар тартылгандыгы тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бир катар ЖМКларга жер өтмөктөрү Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн солдаттарынын күчтөрү менен оңдолуп жатканы маалымдалган.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тактагандай, капиталдык оңдоо иштерин «Бийик KG» ЖЧКсы ишке ашырууда. Бул уюм курулушчулар бригадасына аскерлердин формасына окшош атайын кийим сатып алган. Шаардык кызматтан билдиришкендей, мындай кийимди алууга анын баасынын арзаны себеп болгон. Учурда Чүй проспектиси менен Абдырахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер өтмөгүндө 50 жумушчу иштеп жатат.

“Учурда бул жер өтмөктөрүндө бузуу иштери жүрүүдө. Жөө жүргүнччүлөрдүн ыңгайы үчүн жолдо атайын белгилер орнотулуп жана чийилип, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилке жасалган. Жер өтмөгүнүн түштүк-чыгышы тосулган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жер өтмөктөрүнүн абалын жакшыртуу үчүн полу жана дубалы кайра капталат. Мындан тышкары, заманбап материалдар колдонулуп шыбы, жарык берүү тутуму оңдолот.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга заманбап технологияларды колдонуу менен пандустар жасалат.

Пикир

Оставить комментарий