• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясынын балансына 30 сотых жер кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Бишкектин Шабдан Баатыр проспектиси менен Достоевский көчөсүнүн кесилишиндеги аянты 30 сотых жер мэриянын балансына кайтарылды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын Свердлов районунда мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы астында мыйзамсыз берилген жер участокторун кайтарып алуу жана гараж кооперативдерин мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

“Бул участокто муниципалдык унаа токтотуучу жайды уюштуруу пландалууда. Учурда ал жерде капиталдык курулуштар, жер тилкенин айланасындагы тосмолор жана чатыр жайгашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий