• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кырсыктан 4 адам жабыркап, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.17./Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 195-чакырымында эки жеңил унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, бирөө каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 26-ноябрда болжол менен саат 18:42 чамасында катталган.

ӨКМден кабарлашкандай, окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жаракат алган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий