• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош трассасында кар көчүп, унаа жол убактылуу жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.02.21. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кар көчкү бүгүн, 23-февралда болжол менен саат 18:30да Бишкек-Ош жолунун 223-чакырымында түшкөн, узундугу 150 метрди, ал эми бийиктиги 2-3 метрди түзөт.

Учурда жол убактылуу жабык. Жолду көчкүдөн тазалоо иштери жүрүп жатат деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий